Бишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалды

Бишкек шаарында 21 жаштагы жигит пенсионерди алдап, анын ири суммадагы акчасын ээлеп алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 66 жаштагы П.И.В. аттуу аял киши кайрылып, аны алдамчылар батирин сатууга көндүрүшүп, түшкөн акчаны банк эсептерине терминалдар аркылуу котортуп алышканын билдирген. Аял аларга жалпысынан 60 миң доллар (4 млн 915 миң 800 сом) которгон. Жабырлануучунун айтымында, алдамчылар өзүлөрүң мамлекеттик органдардын жана улуттук коопсуздук кызматкерлери катары тааныштырып, анын банк эсептерин текшерип, мүлкүн коргоп берем деп убадалашкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2005-жылы туулган А.К. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.