«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын рейтингин чыгарды. Алар кимдер?
11.07.2019 | 12:37
Американын Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Бул жылы тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт жайгашкан. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн.
Ал эми 2-орунда америкалык топ-модель жана косметикалык компаниянын жетекчиси өзүнүн 170 миллион доллары менен Кайли Женнер жайгашкан. 3-орунда рэпер Ким Кардашьяндын күйөөсү Канье Уестөзүнүн 150 миллион доллары менен жайгашса, төртүнчү орунга бир жылда 127 миллион доллар киреше тапкан футболчу Леонель Месси жазылган. Булардан тышкары алдыңкы бештикке британ ырчысы Эд Ширан кирген. Анын бир жылдык кирешеси 110 миллион долларга жеткен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар