Хакерлер Telegram аркылуу iPhone’го вирус жуктурууда — Касперскийдин эскертүүсү

Кара ниеттер Apple түзмөктөрү үчүн вирус жуккан тиркемелерди орус тилдүү Telegram-канал аркылуу таратышууда. Мындай программалар түзмөк тууралуу маалыматтарды чогултуп, экранды сүрөткө (скриншот) тарта алат, деп билдирет «Касперский лабораториясына» шилтеме берүү менен орусиялык ЖМКлар.
«"Касперский лабораториясынын" эксперттери орус тилдүү Telegram-канал аркылуу таратылып жаткан популярдуу iOS-тиркемелердин вирус жуккан версияларын аныкташты. Кара ниеттер чыныгы программалардын өзгөртүлгөн (модификацияланган) версияларына түзмөк тууралуу маалыматты, геолокацияны чогултууга жана экранды сүрөткө тартууга жөндөмдүү зыяндуу модулду киргизип коюшкан», — деп такташты компаниядан.
Аныкталган тиркемелердин арасында, айрыкча, товарларды сатуучу онлайн-аянтча, сүрөт редактору жана видео көрүү сервиси болгон. Өзгөртүлгөн башка айрым тиркемелерде зыяндуу код камтылган эмес, бирок аларда вирус жуккан программаларды тараткан Telegram-каналга шилтеме берилген.
Кара ниеттер Telegram'да iOS-тиркемелеринин орнотуучу (установочный) файлдарын жарыялап, колдонуучуларга иштеп чыгуучунун (разработчиктин) сертификатын сатып алууну сунушташат. Андан соң сертификат iOS тутумуна башка (үчүнчү тараптын) тиркемелерин орнотуу үчүн атайын куралдарга импорттолот.
Алардын жардамы менен тиркемеге сертификат бекитилип, ал операциялык системанын бул үчүн каралган механизмдери аркылуу түзмөккө орнотулат.
Эксперттер кошумчалашкандай, мындай тиркемени сертификат сатып албай деле орнотууга болот. Алар түшүндүрүшкөндөй, тиркемеге киргизилген зыяндуу модуль фондук режимде (фоновый режимде) иштей албайт, ошондуктан вирус жуккан тиркеме жабылгандан кийин ал колдонуучунун аракеттерин үзгүлтүксүз аңдып (көзөмөлдөп) тура албайт.
Тиркеме ачык турган учурда, зыяндуу программа түзмөк тууралуу маалыматтарды — анын аталышын, батареянын кубаттуулугунун деңгээлин, аймактык жөндөөлөрдү, эс тутум (память) жөнүндө маалыматты, геолокацияны жана башка дайындарды чогултууга, ошондой эле экранды сүрөткө тартып, аларды кара ниеттерге жөнөтүүгө жөндөмдүү болот.