Бишкекте рак илдетин жеңген балдар жөнүндө фото көргөзмө ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде 2-июндан 5-июнга чейин кайрымдуулук фото көргөзмөсү өтөт. Анын каармандары — «Help the Children-SKD» фондунун камкордугундагы онкологиялык ооруларды жеңген балдар.
Экспозиция алардын айыгуу жолундагы окуяларын кыргыздын салттуу образдары аркылуу баяндап берет.
Уюштуруучулар билдиргендей, долбоордун максаты оор дартка чалдыккан балдарды колдоо, жашоо сыноосун жеңүүдө руханий тирек, улуттук каада-салт, ата-бабалар менен байланыш жана маданий мурастардын маанисин көрсөтүү болуп саналат.
Программанын алкагында ошондой эле Айдай Асангулованын «Кийиз дүйнө» коомдук фонду тарабынан муундардын сабактуулугуна жана көчмөн маданиятын сактоого арналган кыргыздын салттуу кийимдеринин көрсөтүүсү өтөт.
Мындан тышкары, көргөзмөдө «Баатырга портрет белек кыл» аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулат. Келүүчүлөр жана меценат-компаниялар коюлган фотоиштерди сатып алып, аны сүрөттө тартылган балага белекке бере алышат.
Топтолгон бардык каражаттар жашоого керектүү дары-дармектерди сатып алууга жумшалат.
Көргөзмө 2-июнда саат 12:00дө ачылат. Музейдин иштөө убактысы — 11:00дөн 18:00гө чейин.