Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондор буздурулууда
02.06.2026 | 12:55

Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондор демонтаждалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде ишке ашырылууда.
Мэрия буга чейин үй ээлерине тиешелүү эскертмелер жана көрсөтмөлөр берилгенин маалымдады. Батир ээлери жашаган жеринде болбогон учурда демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылат. Мурда көрсөтмө берилген бардык мыйзамсыз курулуштар белгиленген тартипте алынат.
Бул иш-чаралар Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген эрежелердин негизинде жүргүзүлүп жатат. Аталган документке ылайык, төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Балкондорду жана лоджияларды өз алдынча айнектөө;
- Алардын көлөмүн, түсүн же тосмолорунун элементтерин өзгөртүү;
- Жаңы балкондорду куруу же бар болгондорун жоюу;
- Эшик жана терезе көзөнөктөрүнүн архитектуралык формасын өзгөртүү;
- Фасаддын бөлүктөрүн өз алдынча сырдоо же каптоо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек мэриясы