Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Түштүк аймактагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорго кол коюлду
02.06.2026 | 12:08

1-июнда Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана «Good Neighbors International» уюму Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.
Министрликтин маалыматында, долбоор айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл калкынын кирешесин жогорулатууга багытталган. Бул демилге 2021–2025-жылдары аткарылган биринчи фазанын уландысы болуп саналат. Экинчи фаза Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат.
Долбоордо фермерлер менен кооперативдерди колдоо, айыл инфраструктурасын жакшыртуу, логистикалык борбор куруу, микрокредит берүү жана санариптик чечимдерди киргизүү каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги