Милиция киберкылмыштуулук менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүүдө

Милиция киберкылмыштуулук менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүүдө

ИИМдин Академиясында милиция кызматкерлери үчүн киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча беш күндүк окуу курсу уюштурулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен каржылык активдерди уурдоо боюнча кылмыштардын бетин ачуу» аталышындагы курс 18-сентябрда башталып, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары Нурия Маматазизова окуу курсун ачып жатып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирген. Ал белгилегендей, акыркы мезгилде IT технологияларды колдонуу менен көптөгөн кылмыштар жасалып, ал жарандарга, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыктан, бул кылмыштарга каршы тиешелүү чараларды иштеп чыгуу учурдун талабы.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча улуттук кеңешчиси Шамшыбек Мамыровдун айтымында, тренинг ИИМдин кызматкерлерине киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк түзөт.

Белгилей кетсек, окуу курсу 22-сентябрга чейин уланат. Ага Бишкек жана Чүй облустук милициясынын кылмыш иликтөө кызматынын,  Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баңгизат менен күрөшүү кызматынын,  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын, Республикалык окуу борборунун 20 кызматкери катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>