Футболчу Мирбек Ахматалиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду

Футболчу Мирбек Ахматалиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду

УКМКнын тергөө абагына камакка алынган «Мурас Юнайтед» футбол клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев камактан бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл 15-августта «Мурас Юнайтед» Бишкекте машыгуу өткөрүп жатканда клубдагы эки оюнчунун ортосунда мушташ чыгып, Мирбек Ахматалиев командалашын —  чет элдик оюнчу Евгений Терзини уруп, анын жаагы сынган.

Бул окуядан кийин Мирбек Ахматалиев 5 жылга футболдон четтилген. Ошондой эле машыктыруучулар штабы менен клубдун спорт директору кызматтан алынган.

Аны менен бирге Ахматалиевге «ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 22-августта ал УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот тарабынан УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Reporter.kg’ге Биринчи май райондук соту билдиргендей, 3-сентябрда Ахматалиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. УКМКнын тергөөчү келтирген өтүнүч боюнча ал тилкат менен бошотулган.

«Мурас Юнайтеддеги» мушташтан кийин кызматтан алынган машыктыруучу Вячеслав Левчук кечээ, 1-октябрда беларус басылмаларына окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, машыгуу учурунда Евгений Терзи Ахматалиевге тамашалап, шакаба шегип тийишкен. Ахматалиев ага бир нече жолу «жөн» деп айткан. Бирок Терзи ага тамашалап жооп кайтарган. Бир учурда Ахматалиев менен Терзинин ортосунда мушташ чыгып кеткен. Аларды башка оюнчулар ажыраткан. Окуядан кийин алар кол алышып, сүйлөшүп калган. Бирок кийинчерээк Евгений Терзинин жаагы сынганы белгилүү болгон.

Футболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>