Гараждын жертөлөсүндө кара куурай өстүрүлгөн күнөскана табылды (видео)

Гараждын жертөлөсүндө кара куурай өстүрүлгөн күнөскана табылды (видео)

Бишкекте кара куурай өстүргөн баңгилаборатория аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, милицияга шаардагы Малдыбаев көчөсүндөгү гараж кооперативдеринин биринде кара куурай өстүрүлүп, ал интернет дүкөндөр аркылуу сатылары тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесине (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы З.Р. жана 31 жаштагы Т.У. аттуу жарандар кармалды

Андан соң иттин жардамы менен кара куурай өстүрүлгөн жер аныкталып, гараждын жер төлөөсүнөн идишке отургузулган кара куурай табылган. Табылып алынган кара куурайдан маңзат даярдалса, анын баасы 2 млн сомду түзмөк. Ошондой эле кара куурай өстүрүү үчүн колдонгонулган ультрафиолет лампасы, ичинде белгисиз зат бар 7 бөтөлкө табылган.

Ошондой эле шектүүлөрдүн биринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ал милицияга өз ыктыяры салмагы 37 грамм болгон өзгөчө жыты бар затты өткөрүп берген.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>