Алматадагы кыргыз ишкерлерине байланыштуу кайрылууну ИИМ, Прокуратура карап жатат

Алматадагы кыргыз ишкерлерине байланыштуу кайрылууну ИИМ, Прокуратура карап жатат

Алмата шаарынын “Алтын Ордо” базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин контейнерлери соода жайында жүргүзүлүп жаткан инвентаризацияга байланыштуу жабылган. Бул тууралуу Башкы консулдуктун базардын башкармалыгы менен жолугушуусунда айтылды.

Маалыматта соода орундарына тиешелүү тастыктоочу документтери жок ижарачылар аныкталганы жана Кыргызстандын гана эмес  Тажикстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын ишкерлери дагы текшерүүдөн өткөнү айтылат.

Документти жок соода жайлары мөөр басылып жабылган. Бирок ишкерлер товарларын каалаган убакта алышса болот.

Башкы консулдук билдирүүсүндө, кыргыз ишкерлери боюнча кайрылууну Казакстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокутарурасы карап жатат.

Белгилей кетсек, аталган базардын аткаруучу директору, кыргызстандык Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен. Ал ошондон бери тергөө абагында олтурат.

Казакстанга «Алтын Ордо» базарындагы кыргыз ишкерлеринин маселеси боюнча нота жөнөтүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>