Георгиев тасмасы. Президент жана жетекчилер 9-майда кандай лента тагынышты?

Георгиев тасмасы. Президент жана жетекчилер 9-майда кандай лента тагынышты?

Президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадда Кыргызстандын өзүнүн майрамдык тасмасын тагынды.

9-майдагы иш чарага катышкан президенттердин ичинен бир гана Орусиянын башчысы Владимир Путин майрамдын символу катары саналган георгиев лентасы менен болду.

Бул жылы Эмомали Рахмон дагы сызманы көкүрөгүнө чаптаган жок. Касым-Жоомарт Токаев, Никол Пашинян эч нерсе тагышкан эмес. Ал эми Лукащенко Белоруссиянын туусуна түспөлдөш тасма менен катышты.

Өткөн жылкы Москвадагы парадка Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын туусунун түсүнө окшош сызма менен келген.

Белгилей кетсек, КМШнын бир катары өлкөлөрү георгиев лентасын 9-майды символу катары көрсөтүүгө каршы болуп келет. Аны Кыргызстанда Үркүн жылдары менен байланыштырып, 2015-жылдан тарта кызыл-сары өңдүү тасманы колдоно баштаган. Бирок ага карабай өлкөдөгү айрым жетекчилер жана саясатчылар 9-майга карата иш чараларда туура эмес лентаны колдонгон учурлар кездешет.

Быйыл Жеңиш күнүнө арналган Бишкектеги иш чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов эч кандай майрамдык атрибут тагынышкан жок.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызыл-сары сызманы колдонду.

Нарын, Ош облусунун жетекчилери эч кандай тасма колдонушкан эмес. Ал эми Жалал-Абадда облустун жана шаардын башчылары Кыргызстандын жеңиш символу менен катышты.

Ал эми Баткен облусундагы мамлекеттик кызматкерлери Кыргызстандын символун билишпейби, көбүнчө көкүрөгүнө кызгылт-күрөң тасманы тагышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>