Президент: Туугандарым чет өлкөгө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче бул жакка ташып жатат

Президент: Туугандарым чет өлкөгө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче бул жакка ташып жатат

Менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга «Кыргызстандын алтыны чет жакка жашыруун чыгарылып жатат» делген видео тарап, анда президенттин агасы Сабыр Жапаровдун аты аталган. Ага байланыштуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезетеги маегин берип, суроолоруна жооп берди.

“Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт.

Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет.

Эгер кокус эле кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз”, — дейт ал.

Жапаровдун айтымында, анын бир туугандары, үй-бүлөсү чет мамлекетке бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып жатышат.

“Мен канча убакыт президент болуп отурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем.

Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келуу менен алекпиз”, — дейт Жапаров.

Жапаров билдиргендей, буга чейин мамлекеттин алтыны уурдалып келсе, алар бийликке келгенден кийин ал нерсе токтогон.

“Мисалы, мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон.

“Кыргызалтындан” 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 млн сом гана болгон.

2021-жылы дароо эле 2 млрд 700 млн сомго көтөрүлгөн. 2022-жылы 5 млрд 600 млн сом болду. 2023-жылы 12 млрд 600 млн сомго жетти.

Мындай сандар бир эле “Кыргызалтын” менен “Кумтөрдө” эмес, бажы менен салык системасында дагы ушундай көтөрүлдү.

Демек, кайсыл убактарга чейин кайсыл тармактарда уурдалып келгенин өзүңүздөр баамдап алыңыздар”, — дейт ал.

Жапаровдун айтымында, учурда Кыргызстандын алтын кору көбөйүп, Улуттук банкта 52 тонна алтын сакталууда.

“Ал эми “Кумтөрдүн” алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр эле башка сөз. Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт.

Бул биздин акыркы үч эле жылда жетишкен ийгилигибиз. Жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулайт. Ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишеничтин кереги жок. Убакыт баарын өз ордуна коёт.

Азыр жасалма интеллект менен ар бир адамдын үнүн окшоштуруп видео жасап коё берсе болот. Мен былтыр биринчи жолу менин үнүм менен реклама жасап койгон видео-материалды көрүп, таң калгам. Пресс катчыма телефон чалып, — Мен качан, кайсыл жерден ушинтип сүйлөдүм эле?”, — деп сурасам, “Бул компьютер аркылуу, “жасалма интеллект” менен жасалган видео экен”,- деп жооп бергенден кийин билгем. Азыр технология ай сайын эмес, саат сайын өнүгүп жаткан мезгил. Ошондуктан ар бир маалыматты ар бир адам өзү талдап, андан кийин ишениш керекпи же жокпу өзү билиши керек”, — дейт Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>