Бишкекте тургундан 332,5 миң доллар алып, сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Бишкекте тургундан 332,5 миң доллар алып, сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 12-апрелде милицияга К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, Бишкектеги компаниялардын биринин негиздөөчүсү О.И. Кытайдан унаа алып келип берем деп 332,5 миң доллар алып, убадасын аткарбай койгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 26 жаштагы О.С. аттуу жаранды кармады. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Мындан улам милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин жабыркагандар болсо, 0(702) 227-022 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>