2023-жылы Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен Кургак учук менен күрөшүү программасы-V долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жаңы жабдуулар менен жабдылган кургак учук ооруканасы курулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Ооруканага 6,5 млн евро гранттык каражат сарпталган.
Медициналык жай 128 орунга ылайыкталган. Анда кургак учуктун бардык түрлөрүн аныктап, дарылоо жүргүзүүгө болот.