Баткендеги психоневрологиялык ооруканада 41 жылдан бери өздүгү аныкталбаган бейтаптар бар

Баткендеги психоневрологиялык ооруканада 41 жылдан бери өздүгү аныкталбаган бейтаптар бар

Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 19 адамдын өздүгүн тактаган документтери жок экенин аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Паспорту жок 19 адамдын 15и эркек, 4ү аял киши. Алардын аты-жөнү, жаш курагы гана эмес, кайдан, качан келгени дагы белгисиз.

Акыйкатчынын маалыматында, ооруканадагы бир бейтаптын өздүгү 13 жылдан бери тактала элек. Аны дарыгерлер «Белгисиз Жоро» деп аташат.

Дагы бир эркек 41 жылдан бери дарыланууда. Бул арада анын туугандары дагы, өзү тууралуу маалыматтар дагы табылган эмес.

Расмий маалымат боюнча 19 бейтаптын, 11 нин адам туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Демек алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес.

Материал даярдалып жаткан учурда, 19 адамдын бирөөнө паспорт берилген. Калган 7 бейтап боюнча өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Расмий маалымат боюнча  жалпы психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок. Өз кезегинде, мындай жашоочулардын өздүгүн тактаган документтеринин жоктугуна байланыштуу өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпайт.

Андан сырткары, паспортторунун жоктугунан айрым бейтаптарды ден соолугуна байланыштуу аларды башка психоневрологиялык мекемелерге которууда кыйынчылыктар жаралат.

Укук коргоо мекемеси психиатриялык оорудан жапа чеккен адамдар алсыз болуп, катаал мамилеге же кыйноого дуушар болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>