Губернатор Сулайманов министр Бейшеналиевди сынга алды

Губернатор Сулайманов министр Бейшеналиевди сынга алды

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов сынга алды. Ал 19-май күнү пионер күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын өтүшүнө макул болгон деген айыпты койууда.

“Эркин жана эгемен Кыргызстанга таандык, өнүгүүгө жана өсүүгө умтулган жаңы, заманбап улуттук идеологияны түптөп, даңазалагандын ордуна эскиге таандык, улуттук баалуулуктарды четке каккан, коомду артка тарткан коммунисттик түшүнүктүн пайдубалы болгон пионердик кыймылды жандантканга аракет кылган Билим берүү министрлигинин бул демилгесин толук айыптайм. Мен да учурунда пионер болгом, бирок ал мезгил өттү, азыр биз улуу муун жаш муундун башын айлантканды коюп, жаштарга заманбап, эркин, өнүккөн Кыргызстан курууга керектүү билимди берип, жолтоо болбогонду үйрөнүшүбүз керек. Жаңы технологиялар заманында, ааламдашуу доорунда артка кылчактап, караңгылыкка кадам таштабайлы!”-деп жазды.

Министрликтин 26-май күнкү пионер күнүн өткөрүүгө уруксаат берген телефонограмасы интернетке жарыяланган болчу.

Жусупбекова: Пионерлердин 100 жылдыгына байланыштуу телефонограмма үчүн кечирим сурайм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>