Чек арада жашаган тургундарга аскердик кызмат өтөөдө жеңилдик берүү сунушталды

Чек арада жашаган тургундарга аскердик кызмат өтөөдө жеңилдик берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев чек арага чектеш аймактарда жашаган жарандарды альтернативдик аскерге чакырууда төлөнүүчү каражаттан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу ал 15-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйында “Мамлекеттик чек ара жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү органдын ишмердигин өркүндөтүү, “Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү” жана “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзамдарды конституцияга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Жанарбек Акаев “чек арага чектеш аймактарда жашаган тургундарды бир айлык аскердик кызмат өтөөдө, аларга жеңилдик берип, төлөнүүчү каражаттан бошотсок кандай болот?” деген суроо узатты.

Чек ара кызматынын өкүлү бул маселени Коргоо министрлиги карай тургандыгын айтып, талкуулангандан кийин жооп берилерин айтты.

Жыйында ошондой эле, депутат Жаныбек Кыдыкбаев такталган чек араларга жакын соода жайларын, маданий-эс алуу борборлорун куруп, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо аракетин көрүүгө чакырды.

Андан тышкары, депутат Аманкан Кенжебаев кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан  Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнө атайын макам берүү маселесин көтөрүп, аталган айылдагы чек ара постун ачуу зарылчылыгына да токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>