Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү

Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү

Тергөө блоггер Гүлзат Мамытбектин кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Эми иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 7 жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, алар ишенимге кирип, кыска убакыттын ичинде чоң пайданы убада кылып, алган жаран Алымкуловага (Гүлзат Мамытбек) карата чара көрүүнү суранышкан. Алар Алымкулова милдеттенмелерин аткарбай, жок болуп кеткенин, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашык экенин жазышкан.

Бул фактылар Биринчи Май райондук милициясына “алдамчылык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

2020-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алымкуловага карата СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын сыртынан тандаган.

2020-жылдын 8-августунда Кылмыш-процессуалдык кодекстин 237-беренесине ылайык, Алымкуловага карата сотко чейинки өндүрүш шектүүнү издөөгө байланыштуу токтотулган. Анткени Алымкулова 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2021-жылдын 25-октябрында Мамытбек Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>