ШКУ банкы Кыргызстан үчүн каржылык тобокелдиктерди азайтат — саясат таануучу

21.10.2026 | 16:41
ШКУ банкы Кыргызстан үчүн каржылык тобокелдиктерди азайтат — саясат таануучу — Новости Кыргызстана

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) банкын түзүү ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жеңилдетип, каржылык тобокелдиктерди азайтат жана Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу 21-октябрда «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору тарабынан уюштурулган «Аймактык коопсуздуктун тренддери — 2026: Борбор Азиядагы кырдаал көз карандысыздыктын 35 жылында кандай өзгөрдү» аттуу тегерек столдо саясий илимдердин доктору Токон Мамытов билдирди.

Эксперттин айтымында, ШКУ банкын түзүү идеясы 15 жылдан ашык убакыттан бери талкууланып келет. Кытай 2010-жылы эле мындай каржы институтун негиздөөнү сунуштаган, бирок өлкөлөр узак убакыт бою анын иштөө принциптери, башкаруу түзүмү, капиталдын көлөмү жана добуштарды бөлүштүрүү боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

2016-жылы бул маселе ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кайрадан көтөрүлгөн. Саясат таануучунун пикиринде, учурда тараптар консенсуска (бир пикирге) келүүгө жакындап калышты.

«Бул чечим жакында кабыл алынарын көрсөткөн белгилүү бир аракеттер пайда болду. Сыягы, кандайдыр бир консенсус жаралды окшойт», — деди ал.

Эксперт келечектеги банк уюмга мүчө өлкөлөргө пайда алып келе турган бир нече негизги багытты белгилеп өттү.

Биринчи кезекте сөз улуттук валюталардагы эсептешүүлөр жөнүндө болуп жатат. Кыргызстан Орусия, Кытай жана Индия менен жигердүү соода жүргүзөт, бирок эл аралык операцияларда рубль, юань жана рупийди колдонуу дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт.

Мамытовдун пикиринде, ШКУ банкы клирингдик механизмдер жана башка каржылык инструменттер аркылуу мындай эсептешүүлөрдү жеңилдете алмак.

«Бул банк ШКУ башка өлкөлөрдүн валюталарын топтоп алышы үчүн эмес, ал валюталар жалпы экономикалык мейкиндиктин ичинде реалдуу иштеши үчүн керек», — деп түшүндүрдү ал.

Дагы бир милдет — каржылык тобокелдиктерди азайтуу. Эксперт тышкы соода бир гана валютага же каржы системасына көз каранды болбошу керек деп эсептейт, анткени чектөөлөр мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү кыйындатышы мүмкүн.

Ошону менен бирге ал ШКУ банкын түзүү башка өлкөлөргө, валюталарга же эл аралык каржы институттарына каршы туруу аракети катары кабыл алынбашы керектигин баса белгиледи.

«Банктын өзү кандайдыр бир башка банктарга, мамлекеттерге же валюталарга альтернатива же каршы салмак катары түзүлгөн жок. Бул өтө маанилүү жагдай», — деди саясат таануучу.

Эксперт экономиканын реалдуу секторун каржылоого өзгөчө көңүл бурду.

Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрү чоң экономикалык потенциалга ээ, бирок аны ишке ашыруу үчүн инвестициялар зарыл. Бул өзгөчө Кыргызстан сыяктуу экономикасы салыштырмалуу чакан мамлекеттер үчүн маанилүү.

«Мен бул ШКУ банкынын негизги маңызын аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн реалдуу секторун өнүктүрүүдөн көрүп турам», — деди Мамытов.

Ал жаңы каржы институту мындай өлкөлөргө өндүрүштү өнүктүрүү жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат тартууга жардам берет деп эсептейт.

Мындан тышкары, ШКУ банкы каржылык операцияларды санариптештирүүгө көмөктөшүшү мүмкүн. Эксперттин айтымында, өлкөлөр ортосундагы соода жана транспорттук байланыштар жөнгө салынганы менен, каржылык эсептешүүлөр көп учурда товарлардын жүгүртүлүшүнөн артта калып жатат.

Анын пикиринде, санариптик инструменттер төлөмдөрдү тездетүүгө жана тышкы соода менен алектенген компаниялардын ишин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда саясат таануучу мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу да эскертти.

«Бул учурда каржылык көз карандысыздык кийин башка өлкөлөрдүн көз карашынан улам каржылык обочолонууга (изоляцияга) айланып кетпеши керек», — деп баса белгиледи ал.

Тегерек столдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, Мамытов өз алдынча төлөм системасын түзүү жана бирдиктүү валютаны колдонуу келечегине да токтолду.

Анын айтымында, буга чейин «алтын» деп аталган бирдиктүү валютаны киргизүү идеясы талкууланган. Бирок бирдиктүү эсептешүү бирдигин тандоо дагы деле татаал суроо бойдон калууда.

Эксперт жаңы каржылык механизмдерди иштеп чыгууда Орусия рублинин жана кытай юанынын ролун, ошондой эле Индия экономикасынын өсүп жаткан маанисин эске алуу зарылдыгын белгиледи. Эл аралык SWIFT системасына альтернатива түзүү боюнча саясат таануучу жакынкы келечекте колдонуудагы төлөм механизмдеринен толугу менен баш тартуу оңой болбостугун айтты.

«Эгер бул оңой болгондо, эбак эле доллардан жана SWIFTтен баш тартып, көптөгөн өлкөлөр өз ара иштей баштамак. Бирок чындыгында бул анчалык жөнөкөй эмес», — деди ал.

Эксперттин көз карашында, санкциялар жана эл аралык эсептешүүлөрдөгү чектөөлөр альтернативдүү төлөм инструменттерин өнүктүрүүнү тездетти, бирок тиешелүү демилгелер ага чейин эле көптөн бери талкууланып келген. Ал келечектеги ШКУ банкы биринчи кезекте практикалык экономикалык милдеттерди чечип, сооданы жеңилдетип, мүчө өлкөлөрдүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтүшү керектигин баса белгиледи.

Анара Мамытова

Scroll to Top