Көчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайы
Хабиб Нурмагомедов UFC 253 турнирине катышпайт
21.07.2020 | 20:06
Хабиб Нурмагомедов сентябрда өтө турган UFC 253 турнирине катышпайт. Бул тууралуу мушкердин менеджери Ризван Магомедов орусиялык басылмаларга билдирген.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин бетеши UFC 253 турниринин алкагында 19-сентябрда өтүүсү пландалган. Бирок Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Ризван Магомедов орус басылмаларына
“Хабиб бул турнирге катышпайт”, – деп кабарлаган.
Белгилей кетсек, жакында эле Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов илдеттен каза болгон. Бул кайгылуу окуядан кийин Хабибдин беттештерге чыгар чыкпасы белгисиздигин жакындары айтышканын орус ЖМКлары жазышкан эле.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар