Ырчы Анжелика президентке кандай сунуштарды айтты? – видео

Ырчы Анжелика президентке кандай сунуштарды айтты? – видео

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июлда коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан ыктыярчы топтордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Ак үдүн 7-кабатында өткөн жолугушууга ырчы Анжелика дагы катышкан. Ал өзүнүн “Инстаграмдагы” баракчасына жолгушуу кандай өткөндүгү тууралуу видео жарыялады.

“Жолугушуу 3 саттка созулду. Президент катышуучулардын ар биринин оюн угуп, анын үстүнөн иштөөгө сөз берди. Биздин сунуш боюнча чоң оорукана ачууну колдоп, бизге жакынкы күндөрү курулуш иштери качан башаталарын айтат.  Жолгушуу учурунда мен президентке социалдык дарыкана ачуу сунушун бердим. Бул жерде баалардын баарын мамлекет көзөмөлдөйт, бардык дары-дармектер болот. Мындай дарыканалар бардык облустарда ачылышы керек”, –деди Анжелика.

Ошондой эле ырчы, дарыгерлерге  иммунитетти көтөрө турган витаминдерди берүү, ар бир 10-15 күн сайын медкызматкерлердин айлык акыларын жана компенсация төлөө сунушун айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>