«Хан» каймана аттуу УКТнын мүчөсү элден кечирим сурады — видео

«Хан» каймана аттуу УКТнын мүчөсү элден кечирим сурады — видео

Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон 1988-жылы туулган Алмаз Чигентаев элден кечирим сурады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган  Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты.

Ошону менен бирге, мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.

“Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына 03522 50419; 0700 10-00-05, Кочкор райондук бөлүмүнө 03535-50-386; 0507 88-23-88 номурлары аркылуу кайрылууну өтүнөбүз”, — деп билдиришти УКМКдан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>