Жаңы жыл майрамы учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жыл майрамы учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Бүгүн, 26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн кеңешменин биринчи бөлүгүндө Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп, ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарыбыз жаңы жылды тосуу жана майрамдоо күндөрү “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча “Комплекстүү” иш-чаралар мерчеми бекитилип, ар бир жетекчи тартипти камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи.

Министр ИИОнун жетекчилерине жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарында жана облустук, райондук бөлүктөрдө саптык кароо иш-чарасын өткөрүп, тиешелүү нускамаларды берүүнү тапшырды.

“2022-жыл  “кыргыз милициясы” үчүн жеңил жылдардан болгон жок. Сентябрь айында болуп өткөн Баткен окуясында өлкөбүздүн күч түзүмдөрү менен биргеликте элди-жерди коргоо үчүн катуу айкалышта күжүрмөн иш алып бардык.

Тилекке каршы, биздин беш кызматкерибиз курман болуп, ондон ашык кесиптештерибиз жаракаттарды алышты. Баатыр кызматкерлердин элестерин эч качан эстен чыгарбайбыз. Бүгүнкү милиция эл үчүн, мамлекеттин ички коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн коомго кызмат кылууга арналгандыгын көрсөтө алды”, — деди ИИМдин башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>