Казакстанда журналист кармалды

Казакстанда журналист кармалды

Жакында эле 25 күн камакта отурган журналист Думан Мухаметкарим Алматыда кармалганын «Азаттык» (Казакстан) радиосу билдирди.

Маалыматты “Азаттыкка” адвокат Галым Нурпейисов тастыктады. Анын айтымында, милиционер Думанга телефон чалып, административдик кодекстин 488-беренесин бузганын, мындан улам Иле райондук ички иштер бөлүмүнө «протокол толтурууга» келиши керектигин айткан», — деп жазат радио.

Буга чейин журналист Думан Мухаметкарим парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, митингге чыгуу ниетин билдирип, 25 күн камакта отурган.

Эске салсак, Алматыда Казакстандын соту экстремисттик деп тыюу салган КДК кыймылы чакырган нааразылык акциясы өткөн.

Думан Мухаметкарим — журналист, YouTube каналынын автору, январь окуяларын, ошондой эле камактагылардын сот процесстерин активдүү чагылдырган.

Буга чейин КазТАГ агенттиги Думан Мухаметкарим шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршы чыкканы үчүн камакка алынганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Журналист

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>