Бишкек: Унаадагы аялды бир эркек сабап кетти (ВИДЕО)

Бишкек: Унаадагы аялды бир эркек сабап кетти (ВИДЕО)

Жабырлануучу кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Окуя Байтик Баатыр көчөсүндө 28-сентябрь күнү болгон. Унаанын ичнде бир жаштагы баласы бар болчу.  Аял кош бойлуу болгон.

“Вефа соода борборуна жетпей менин унаамды сүзүп кетти. Мен ошол замат терезени ачып алып “бул эмне кылганың, машинада бир жаштагы балам бар” деп кыйкырдым. Ал кайра менден ашып өтүп, дароо унаасын токтотту. Авариялык кырдаал жаратты. Коркуп кетип “сенин эмне башың ордундабы” деп кыйкыра баштадым. Ал аракетин токтоткон жок, мен титиреп жаттым.  Мен болсо жол чыракты көздөй акырын жылып кете бердим. Ошол маалда мен кичине өзүмө келип калган элем, күтүлбөгөн жерден ал киши келип мени сабай баштады. Менин сиңдим болгон окуяны видеого тарта баштады. “Милицияга чалам” деп кыйкыра баштадым, ал кетип калды. Балам болсо ыйлап жатты”- деп жазды жабырлануучу.

Окуядан соң милицияга кайрылыптыр. Биринчи май райондук милиция кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, издей баштаптыр.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>