Жапаров Бишкектеги үйүн мамлекетке өткөрүп берди

Жапаров Бишкектеги үйүн мамлекетке өткөрүп берди

Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров мурда өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди.

Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКсына «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү.

Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4 % чен менен берилерин эске салды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>