Маршруткага балалуу келинди киргизбей койгон айдоочуга иш козголду

Маршруткага балалуу келинди киргизбей койгон айдоочуга иш козголду

Бишкекте №203 маршруткага коляскасы бар балалуу келинди түшүрбөй койгон айдоочуга карата иш козголду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча иш козголгон. Учурда иликтөө иши уланууда.

«№203 маршрутканын 37 жаштагы М.Б. аттуу айдоочу кармалган»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон видео тараган.

Бул окуяга байланыштуу аталган каттамдын айдоочусу ачууга алдырып туура эмес иш кылганын мойнуна алып, ал үчүн жаш келинден жана жалпы Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурап, мындан ары андай иштерди кылбастыгына кепилдик берерин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>