МСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырдыСадыр Жапаров Ереванда COP17 саммитинин ачылышына катышты16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталууда
Каракол шаарында эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти
03.10.2021 | 15:23
Каракол шаарындагы Шевченко көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, турак жай толугу менен күйүп кетти.
Маалыматка ылайык, аталган даректеги үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге келип түшкөндөн кийин, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.
Өрт саат 20:39дө өрт чектөөгө алынып, саат 23:30да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эки кабаттуу үй толук күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда жана өрттөн жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом