УКМК: 31-абактын жетекчиси жемкорлук менен кармалды

УКМК: 31-абактын жетекчиси жемкорлук менен кармалды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-ТА жетекчиси «А.Т.О.» коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирүү таратты.

«А.Т.О.» өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.

2021-жылдын 7-октябрында Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын негизинде «А.Т.О.» акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>