Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Айыл чарба министринин орун басары кармалды
27.10.2021 | 09:19
Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, аталган министрдин мурдагы орун басары Амангелди Исаев да кошо кармалган. ЕАЭБ аймагына айыл чарба азык-түлүктөрүн сатууда жасалма тоскоолдуктарды жаратып, атайын жеке топтор өз кызыкчылыгын көздөгөнү аныкталган.
Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Буга чейин “Дордой дыйкан” базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков кармалган. Ошондой эле аталган министрликтен жоопту кызматтагылар да бар экени кабарланган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат