Фермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү
Бишкек: Индия жарандарын тоноп кетишти (ВИДЕО)
28.10.2021 | 10:17
19-октябрь күнү Москва көчөсүндөгү батирлердин биринде убактылуу жашап жаткан Индия жарандарын тоноп кетишкен. Алар бычак менен коркутуп 3000 доллар, 700 сом, 4 кол телефон («Айфон 10X», «Редми Нот 8», «Редми Нот 9» жана дагы бир смартфон) ноутбук, «Айпад», «Айрподс» наушниктерин, куртка, «Титан» 3 саатын, футболка жана 2 бут кийимин алып кетишкен. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.
Алынган маалыматтар боюнча, 34 жаштагы М.М., 24 жаштагы Б.Б., 24 жаштагы С.Д., 24 жаштагы О.Н. жана 17 жаштагы өспүрүм кармалган. Өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ал эми калгандары убактылуу кармоочу жайга бир айга камакка алынды.
Ушуга окшош дагы иштери каралып жатат. Учурда иликтөө жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом