ӨКМ: Боюн таштаган жигит куткаруучуларга мүмкүнчүлүк бербеди  

ӨКМ: Боюн таштаган жигит куткаруучуларга мүмкүнчүлүк бербеди  

9-кабаттан боюн таштап өзүн-өлтүргөн жигит куткарууга мүмкүнчүлүк берген жок. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын начальниги — подполковник Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

“Жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит чечкиндүү өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон.

Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”- деди Жолдошбаев.

Кечээ Бишкекте 22 жаштагы жигит 9 кабат имараттан боюн таштап, каза тапкан.

Абайлагыла видео! Бишкекте белгисиз жаран көп кабаттуу имараттан секирип кетти

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>