Жапаров: Чыныгы укуктук коомду куруу жеңил эмес

Жапаров: Чыныгы укуктук коомду куруу жеңил эмес

Чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров 10-декабрда, Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда билдирди.

Анын айтуусунда, ар бирибиз экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга өбөлгө түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем.

Ошондой эле баш мыйзамдарда жазылган укуктарга токтоло кетти.

Динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденген. Мындай укуктук мамлекетибизди андан ары өнүктүрүү — Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты” – деди.

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ — Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>