Пенсияга чыкканга чейин Соцфондго чогулткан акчаңызды алып кете аласызбы? Жооп

Пенсияга чыкканга чейин Соцфондго чогулткан акчаңызды алып кете аласызбы? Жооп

Пенсияга чыга элек жарандарыбыз Соцфондго топтогон каражаттарын өзүнүн муктаждыктары үчүн алса болобу? Бул суроону коомдук уюмдун өкүлү Эркинай Калакулова Жогорку Кеңештин комитет жыйында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гулнура Жуматаевага берди.

Эркинай Кабакулова:Пенсияга топтолуучу каражат 2 пайыз менен өсүп жатат. Бирок, ошол каражаттан пенсияга чыкканга чейин алса болобу? Насыядан болсо пайыз кетип жатат, бирок,  пенсиялык топтом болсо пайызы жок, бир темпте тура берет. Пенсияга чыга элек жарандарыбыз деле өзүнүн муктаждыктарына алса болобу?

Гулнура Жуматаева:  — Топтомо компонент 2010-жылдан баштап кирген. Ар бир жарандын эмгек акысынан 2 пайыз калат. Бул каражаттарды инвестиция кылып турабыз. Акча каражаттары мамлекет тарабынан 5 инструмент менен мамлекеттик баалуу кагаздарга, банктык депозиттерине салабыз. Ушундай жол менен каражаттарды көбөйтүп турабыз. Мисал катары айтып кетсем, 2010-жылдан баштап инвестицияга жумшалган каражаттардын кирешелүүлүгү 2011-жылы 11,50%, 2012-жылы 11,57%, 2016-жылы 13,35%, 2020-жылы 10,50% болгон. Демек, сизден түшкөн каражатыңыздын ар бири инвестицияланып турат. Соцфондго төккөн 1 сом, 10 жыл ичинде 80 тыйынга көбөйгөнүн анализдеп чыкканбыз.

Чынында бул каражаттар пенсияларга кетпейт, жалаң инвестицияларга жумшалат. Бирок, ошол эле учурда кайсы маалда ал каражаттар төлөнүп берилет?:

1. Жаран пенсияга чыкканда.

2. Жаран түбөлүк башка мамлекетке көчүп кетсе.

3. Каза болуп калса, мураскоруна төлөнүп берилет.

Мындан тышкары 2020-жылы 2 механизм киргиздик:

1. Топтомо компонентинде 50 миң сом каражаты болсо, өзүнүн жеке үйү жок болсо, мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылган учурда, алгачкы салым катары топтомолорун алып кетсе болот.

2. Эгерде рак илдеттерине кабылып, жүрөк ооруларына, оор операцияларга акча каражаты керек болуп калса да топтомо каражаттарын алып кетүүгө укук берилген.

Ар бир жаран өзүнүн топтомо каражаттарын пенсияга чыкканга чейин алып кетүү боюнча  дагы башка механизмдерди карап жатабыз.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>