Бишкекте 23 жаштагы жигит адам тоноп кармалды

Бишкекте 23 жаштагы жигит адам тоноп кармалды

Бишкектин Октябрь райондук милициясы каракчылык кылган адамды кармашты. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 9-декабрында Ш.А. аттуу жаран анын буюмдарын тартып алган белгисиз адамга чар көрүү өтүнүчү менен Октябрь райондук милициясына кайрылган. Жабырлануучу арызына ага белгисиз бирөө Кара-Жыгач жаңы конушунун Исакеев көчөсүндө физикалык күч колдонуп, баасы 15 миң сомдук Redmi NOTE-8 үлгүсүндөгү телефонун жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алганын көрсөткөн.

Бул факт Октябрь РИИБнин электрондук журналына “каракчылык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Ж.Ж. аныктап, кармашкан. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу каралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>