Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
“Таатандын” соодагерлери Акүйдүн алдына митингге чыкты
22.12.2021 | 14:13
Бишкек шаарындагы “Таатан” соода борборунун соодагерлери жаңы Салык кодексине каршы Акүйдүн алдында митингге чыгышты.
Алар кассалык аппараттарды койдурбоо талабы менен чыгышкан. Ушул тапта салык кызматы кассалык аппарат колдонбогону үчүн айыппул салып жатыптыр. Андыктан бул кадамга нааразы болуп, кайрадан эле патент ыкмасы менен иштөөнү суранышууда. Анткени, кассалык аппараттан салык чоң болуп кеткенин жүйө келтирип жатышат.
Бүгүн Жогорку Кеңеш дал ушул салык кодекси боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатат.
Салык кодекси жаңы жылдан баштап иштей баштайт. Жылдык кирешеси 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер үчүн патент системасын жоюлуп, кассалык аппаратка өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика