ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
Алайдан 71 жаштагы Бактыгүл Усонова жоголуп кетти
17.01.2022 | 11:22
Ош облусунун Алай райондук милициясы дайынсыз жоголгон 71 жаштагы Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Усонова Бактыгулдү табууга көмөктөшүүнү суранат.
Ал 2022-жылдын 12-январь күнү саат болжол менен 14:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү толук келген, жүзү тегерек тырыш түшкөн, өңү кара тору, чачы ак түстө кыска.
Кийимдери: башында күрөн түстөгү береткага окшогон тумак, үстүндө фиолетовый кофта, кара түстөгү шым.
Усонова Бактыгүлдү көргөндөр же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03234) 5-14-72, (03232) 4-63-50, 0773 03 92 12, 0557 54 00 30.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар