Кыргызстан эмне себептен быйыл тыштан көмүрдү көп сатып алды? Жооп

Кыргызстан эмне себептен быйыл тыштан көмүрдү көп сатып алды? Жооп

Быйылкы кыш-күз мезгилине 650 миң тонна тыштан көмүр сатып алуу пландалган. Эмне себептен жылдагыдан көп керектелип жатат? Бул суроого Энергетика министри Доскул Бекмурзаев  парламентте комитет жыйынында депутаттарга жооп берди .

Ал, “тыштан гана көмүр сатып алууну көбөйтпөстөн жергиликтүү Кара-Кечеден да көмүрдү ташып келүүнү көбөйттүк. Маселен, былтыр 700 тоннага жакын болсо, быйыл 1 млн. тоннага чыгардык. Анткени, Бишкек жылуулук электр борбору былтыр 1 млрд. 398 млн. киловат саат энергия иштеп чыкса, 2 млрд 157 млн. киловат саат энергияны иштеп чыгарды. Мына ушуга байланыштуу көмүр көбүрөөк сатылып алынууда. Ошол эле маалда, ЖЭБде эки түрдүү от казан бар: бири ССРде өндүрүлгөн, экинчиси Кытайда өндүрүлгөн. Эски от казанга Казакстандын көмүрүн, жаңы от казанга Кара-Кеченин көмүрүн жагабыз”— деди.

Бишкек шаарынын ЖЭБинин көмүрдү жылдык керектөөсү 1 млн. 650 миң тоннаны түзөт. Талапка ылайык, керектелүүчү көмүрдүн миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү болуш керек. Калганы Казакстандан импорттолот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>