УКМК «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчисин кармады

УКМК «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчисин кармады

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  26-январь күнү сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты.

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Т.Т.С.” Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>