Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин атын саткандар кармалды (ВИДЕО)

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин атын саткандар кармалды (ВИДЕО)

Өздөрүн президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары катары ар кимди коркутуп өз кызыкчылктарына пайдаланып жүргөндөр кармалды. Бул туурасында жашыруун кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кишилер Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарын коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан жеке жактарды, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоочуларды көзөмөлгө алышканы тастыкталган.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын алкагында бизнес чөйрөсүндөгү субъектилерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын коркутуу фактылары документтештирилди. Мындан тышкары бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү.

2022-жылдын 4-февралында өздөрүн президент жана УКМК төрагасыны менен байланышы бар катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында УКМК кызматкерине пара сунуштап, 1600 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган “А.Т.М.” аттуу жаран тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>