Аткаминер депутаттын суроосуна жооп бере албай кыйналды (ВИДЕО)

Аткаминер депутаттын суроосуна жооп бере албай кыйналды (ВИДЕО)

Парламентте  Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун суроолоруна жооп бере албай буйдалды.

Султанбай Айжигитов:

-Жолго, инфраструктуралар үчүн алган насыяларды анализдедиңерби?

Руслан Татиков:

— Кытайдан алган насыялар боюнча айтсам, Датка Кемин көмөк чордонун курдук. Өткөндө электр энергия өчкөндө биз ал Датка Кеминдин пайдасы менен абалдан тез чыгып кеттик. Менимче, тыштан насыяларды алуу оң таасирин тийгизип жатат.

Султанбай Айжигитов:

-Өнүгүүгө шарт түзүлүп жатабы? Кандайдыр бир таасирин тийгизип жатабы?  Маселен, “унаалар көбүрөөк  тезирээк жүрүп калды”- деген өңдүү анализдериңер барбы?

Руслан Татиков:

Албетте, оң таасирин тийгизет. Бирок, биз сиз айткандай анализ кыла элекпиз.

Султанбай Айжигитов:

-Анализ кылыш керек да. Алган акчабыздын кандай эффект берип жатканыбызды билбесек, анда насыяны эмнеге алабыз? Жөн эле милдеттерди ала беребизби?  Анализи жок болсо алынган насыялар кантип иштетилди, кантип билебиз?  Ошол керек беле, канчалык пайдалуу болду?

Руслан Татиков:

-Албетте, анализдер керек. Бизге айрым инфраструктураларды жакшыртууга насыя зарыл. Биз сиздер менен макулдашып алабыз да.

Султанбай Айжигитов:

-Макулдашаарын го макулдашасыңар, мейли, аласыңар? Алганда бир нерсени эсептейсиңерби, бир баляяны? Ким гана болбосун насыя алып жатканда атайын план түзүп алат… Ошол себептен силер насыя алып жатканда алдын-ала анализ жүргүзүшүңөр керек… Мен түшүндүм, силер эч кандай анализи жок эле насыя ала берет экенсиңер. Ким насыя берсе, ошону ала берет турбайсыңарбы? Жөнөкөй жаран деле бири-биринен карыз алганда деле аны эмне кылам деп эсептейт да…

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>