Бишкек шаарынын вице-мэри Сазыкулов депутат Маматалиевден кагуу жеди

Бишкек шаарынын вице-мэри Сазыкулов депутат Маматалиевден кагуу жеди

Баш калаада окуучулар үчүн жол кире 10 сом болот. Жакынкы күндөрү Бишкек шаардык кеңештин жыйынына алынып чыгат.  Бул туурасында Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов парламенттин комитет жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, “сиз “бул демилге мэрдики, андан кийин депутаттар кошулду”- деп маек берипсиз. Андай эмес чогуу эле кылып жатабыз. Депутаттарды бөлүп, мэрди өзүнчө бөлбөй элечи… Максатыбыз бир, элге жардам берели, окуучуларга жардам берели… Жол кирени 10 сомго түшүрөлү. Мэр же депутаттар демилгечи болду дегендин кереги жок”— деди.

Учурда Бишкек шаарында маршруттук каттамдарга окуучулар 15 сомдон төлөшөт. Эгерде, бул демилге ишке аша турган болсо “10 сом болот”- деп пландап жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>