Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Аталарга караганда апалар аз пенсия алат. Айырма канча?
08.03.2022 | 15:49
Пенсионерлердин арасында аялдар көп, бирок, алардын орточо пенсиясы эркектердикинен төмөн. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы пенсияга чыккан аялдардын жалпы саны 457 миңди, эркектердики 234 миңди түздү. Бул көбүнчө жашоонун узактыгынын айырмасына байланыштуу. Эркектердин пенсиясы аялдардыкынан (айына 5410 сом) бир аз жогору (айына 6162 сом). Орточо пенсиянын эң чоң ажырымы Бишкек шаарында катталган, мында аялдардын пенсиясы эркектердикинин 88%га жакынын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом