Учактын авариялык абалда токтоп калышынан улам «Манас» аэропорту эртең мененки саат 06:00гө чейин жабылдыМамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар жана авиаторлор Министрлер кабинетинин сыйлыктарын алыштыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин ири бизнес-фестиваль өтөтКазакстан Кыргызстанга КММ жеткирүү маселесин өз кызыкчылыктарын эске алуу менен карап чыгатTezJet учагы «Манас» аэропортунан учуп жатканда капталына ооп кеттиСадыр Жапаров Пакистандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү: тараптар эмнени чечишти?
Ош: Шахтада 3 кытайлык жаран басылып, көз жумду
21.03.2022 | 17:37
Ош облусундагы көмүр шахтасынан 3 кытай жараны каза болду. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 19-марттан 20-мартка караган түнү Өзгөн районунун Салам-Алик айылында болгон. Анда шахтада оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан 3 адамды көмүр аралаш таш көчүп басып калган.
Каза болгондор кытай жарандары болгон. Бул окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар