Жыл аягына чейин Кыргызстан менен Тажикстанда инфляция 15%га жетет

Жыл аягына чейин Кыргызстан менен Тажикстанда инфляция 15%га жетет

Кыргызстанда 2022-жылдын соңуна чейин инфляциянын көлөмү 15%га чейин өсөт. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын аналитиктеринин “Азия өнүгүүсүнө сереп салуу” баяндамасында айтылат.

Ушундай эле жагдай коңшу Тажикстанда да түзүлүп, инфляция 15%га жетет.

Түркмөнстанда инфляциянын деңгээли 10%га чейин өсөрүн, Казакстан менен Өзбекстанда тескерисинче, 7,8% жана 9%га төмөндөйт деп болжолдошууда.

2023-жылы АӨБ эксперттеринин айтымында, Түркстан чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү инфляция 6,4% деңгээлинде Казакстанда болоорун жоромолдоп жатат.

Өзбекстанда инфляциянын деңгээли 8%га, Тажикстандыкы 10%га, Кыргызстанда 12%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Ал эми Түркмөнстанда быйылкы жылдагыдай эле калат – 10%.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Тажикстанда инфляция 8%, Өзбекстанда 10,7%, Кыргызстанда 11,9% жана Түркмөнстанда 12,5% түзгөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>