ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
7-апрель: Садыр Жапаров Ата-Бейиттеги маркумдарга куран окуду (Фоторепортаж)
07.04.2022 | 12:03
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.
Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.
Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.



















Рубрики: Жаңылыктар, Саясат