S-LINE кооперативинин жетекчиси Алиев 24-майга чейин камакта калтырды

S-LINE кооперативинин жетекчиси Алиев 24-майга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевди 24-майга чейин камакта калтырды. Шаардык сотко Алиевдин адвокаттары үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылганын “Азаттык” жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сот болуп турган учурда S-LINE кооперативине акчасын берип, бирок үй алалбай калган жарандар Алиевди үй камагына чыгарбоону талап кылып акция өткөрүштү.

Акчасын ала албай жаткандар кооперативди социалдык тармактардан жарнамалаган ырчы-чоорчулардын дагы жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.

«Мен бул кооперативге 745 миң сом төккөм. 2021-жылы май айында үй алып берем деген. Эми ала албай, ай сайын Бишкекке келип жатабыз. Бийлик мындай кооперативдерди карап, ишин токтотсун. Акчабызды ала албай, кордук көрүп жатабыз«, — деди акцияга чыккан Ош шаарынан келген Шарипа Юлдашева.

S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевди 16-мартта Ош шаардык милициясы кармап, сот 22-мартта камактан бошоткон. Ошол эле күнү милиция Ош шаарынан кармап, Бишкекке алып келген. Бул адам 24 кишиге 40 миллион сом карыз экени айтылууда.

27 жаштагы Бакыт Аалиев буга чейин «Сейф бизнес» тармактык бизнесин түзгөн.

Ал жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбай койгон деп, алдамчылыкка шек саналууда.

Ички иштер министрлиги акыркы эки айда эле каржылык пирамидаларды уюштуруу боюнча 111 иш козголуп, 91 иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдады. Анын кесепетинен 133 адам жабыркап, алардын тарткан зыяны 61 миллион сомдон ашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>