Кыргызстанда 100 млн долларга «Сары-Таш» логистикалык борбору курулат

Улуттук инвестициялар агенттиги менен «Текстиль Транс» компаниясы 10-сентябрда «Сары-Таш» транспорттук-логистикалык борборун куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоорго тартылуучу инвестициянын көлөмү 100 миллион долларга чейин жетет.
Бул объект Пакистандын аймагына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Ооганстан соода каттамынын бир бөлүгү болуп калат. Комплекс товарларды сактоо, кайра жүктөө, салмакты көзөмөлдөө, бажылык тариздөө аймактарын жана текстиль кластери үчүн инфраструктураны өзүнө камтыйт.
Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров борбордун ишке кириши Кытай, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк транзитин көбөйтүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганын билдирди.