Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы жетекчилери дайындалды
22.04.2022 | 12:27
Компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Жумаев Медетбек Эргешович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Шадыканов Талантбек Жумалиевич башкы директордун экономика жана финансы боюнча орун басары, Жакыпов Бакытбек Алыкулович башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары жана Рысбеков Алтынбек Дурусбекович башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары болуп дайындалышты.
Улуттук энергохолдингдин башкармалыгын төрагасы Талайбек Байгазиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жамаатына жаңы башкы директорду жана анын орун басарларын тааныштырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат