Милиция кызматкери коркутуу менен акча талап кылганы ачыкталды

Милиция кызматкери коркутуу менен акча талап кылганы ачыкталды

Сокулук райондук милициянын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 28-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнын тергөөчүсү милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКга буга чейин  А.Ж. аттуу жаран сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж. карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Кармалган М.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>